# 158-берене. Жеринде кароо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 158-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-158

---

1. Сотко алып келүү кыйын же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдери алар турган жерде же сот аныктаган башка бир белгилүү жерде каралат жана иликтенет. Жеринде кароону жүргүзүү жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.

2. Жеринде кароонун убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучулары, алардын өкүлдөрү кабарланылат, бирок алардын келбей калуулары кароону жүргүзүүгө тоскоолдук болбойт. Зарыл болгон учурда ошондой эле эксперттер, адистер жана күбөлөр чакыртылат.

3. Жеринде кароонун натыйжалары соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет. Протоколго кароодо түзүлгөн же текшерилген пландар, чиймелер, схемалар, эсептөөлөр, документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле кароо убагында жасалган жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдеринин видеожазуулары, фотосүрөттөрү, эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-159)
