# 157-берене. Буюм далилдерин иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 157-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-157

---

1. Буюм далилдери сот тарабынан каралат, ошондой эле таанышуу үчүн процесстин катышуучуларына, ал эми зарыл болгон учурларда - эксперттерге, адистерге жана күбөлөргө берилет. Таанышуу үчүн буюм далилдери көрсөтүлгөн жактар далилдерге жана аны кароого байланышкан тигил же бул жагдайларга соттун көңүлүн бура алышат.

2. Далилдерди камсыз кылуу, соттук тапшырманы аткаруу тартибинде же далилдерди ордунда кароонун натыйжалары боюнча түзүлгөн буюм далилдерин кароонун протоколдору соттук жыйналышта жарыя кылынат. Процесстин катышуучулары бул протоколдор боюнча өздөрүнүн түшүндүрмөлөрүн бере алышат.

3. Процесстин катышуучулары буюм далилдери боюнча аларды караган эксперттерге, адистерге, күбөлөргө суроолорду бере алышат.

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-158)
