# 156-берене. Жарандардын жеке кат алышууларын жана башка билдирүүлөрүн жарыя кылуу жана иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 156-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-156

---

Жеке кат алышуулардын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн сырларын сактоо максатында, алар ачык соттук жыйналышта өз ара кат алышууларды, сүйлөшүүлөрдү жана билдирүүлөрдү жүргүзгөн адамдардын макулдугу менен гана жарыя кылынышы мүмкүн. Андай болбогон учурда, мындай кат алышуулар, сүйлөшүүлөр жана билдирүүлөр жабык соттук жыйналышта жарыя кылынат жана иликтенет.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-157)
