# 155-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 155-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-155

---

1. Жазуу жүзүндөгү далилдер, анын ичинде соттук тапшырма боюнча же далилдерди камсыз кылуу тартибинде түзүлгөн аларды кароонун протоколдору соттук жыйналышта жарыя кылынат жана таанышуу үчүн процесстин катышуучуларына, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга берилет.

2. Процесстин катышуучулары жазуу жүзүндөгү далилдер боюнча күбөлөргө, эксперттерге, адистерге суроолорду бере алышат.

3. Эгерде ишке тиркелген же сотко процесстин катышуучусу тарабынан таанышуу үчүн берилген документ аныктыгынан шектенүү жаратса же жасалма болуп саналса, процесстин катышуучусу соттон аны далилдердин катарынан чыгарып салууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү же экспертиза жүргүзүүнү талап кыла алат.

4. Жазуу жүзүндөгү далилдерди ишке кошуу жөнүндө маселени сот бул далилдердин мазмуну менен процесстин катышуучулары таанышкандан жана алардын пикирлерин уккандан кийин чечет.

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-156)
