# 153-берене. Жашы жетелек күбөлөрдү суракка алуунун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 153-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-153

---

1. Он төрт жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу, ал эми соттун каалоосу боюнча он төрт жаштан он алты жашка чейинки күбөлөрдү суракка алуу сотко чакырылган педагогдун катышуусу менен жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда ошондой эле жашы жетелек күбөнүн ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчусу же көзөмөлчүсү чакыртылат. Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроолорду бере алышат, ошондой эле күбөнүн ким экендиги жана ал берген көрсөтмөлөрдүн мазмуну жагынан өз пикирлерин билдире алышат.

2. Иштин жагдайын аныктоо үчүн зарыл болгон өзгөчө учурларда, жашы жетелек күбөнү суракка алуу убагында, соттун аныктамасы боюнча соттук жыйналыштын залынан процесстин тигил же бул катышуучусу, же соттук жыйналыштын залында катышып олтурган жарандардын кимдир-бирөөсү чыгарылып жиберилиши мүмкүн. Процесстин катышуучусу соттук жыйналыштын залына кайра келгенден кийин, ага жашы жетелек күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну билдирилүүгө жана күбөгө суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

3. Сот тиешелүү күбөнүн соттук жыйналыштын залында болуусун зарыл деп тааныгандан башка учурларды кошпогондо, он алты жашка чыга элек күбө аны суракка алуу бүткөндөн кийин соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилет.

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-154)
