# 151-берене. Күбөлөрдү суракка алуунун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 151-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-151

---

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1311-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Төрагалык кылуучу процесстин катышуучуларына күбөнүн мамилесин ачыктайт жана күбөгө иштин жагдайы жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп - күбөнү чакырууга арызы негиз болгон жак жана анын өкүлү, андан кийин процесстин башка катышуучулары жана алардын өкүлдөрү суроо берет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай учурда болбосун суроо берүүгө укуктуу.

4. Зарылчылык болгон учурда, алардын көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды айкындоо үчүн сот күбөлөрдү ошол эле же кийинки жыйналышта кайталап суракка ала алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында соттук жыйналыштын залында боло алышпайт. Эгерде сот ага мурда чыгып кетүүгө уруксат бербесе, суракка алынган күбө ишти териштирүү аяктаганга чейин соттук жыйналыштын залында калат.

6. Эгерде ачыктоо үчүн күбөлөр чакырылган жагдайлар айкындалса, сот процесстин катышуучуларынын макулдугу аркылуу бул тууралуу тиешелүү аныктама чыгаруу менен, келген күбөлөрдү суракка албай коё алат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-152)
