# 150-берене. Көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилик тууралуу күбөгө эскертүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 150-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-150

---

1. Күбөнү суракка алууга чейин төрагалык кылуучу күбөнүн инсандыгын аныктайт, анын ушул Кодекстин 62-беренесинде каралган учурларда көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартуу укугун түшүндүрөт жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени же көрсөтмө берүүдөн негизсиз баш тартканы үчүн жоопкерчилиги тууралуу эскертет, бул жөнүндө тил кат алынат, ал соттук жыйналыштын протоколуна кошо тиркелет.

2. Төрагалык кылуучу он алты жашка чыга элек күбөгө иш боюнча ага белгилүү бардык нерселердин чындыгын айтып берүүгө милдеттүүлүгүн түшүндүрөт, бирок ага көрсөтмө берүүдөн негизсиз баш тартканы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн жоопкерчилиги тууралуу эскертилбейт.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-151)
