# 15-берене. Административдик иштердин ведомствого караштуулугу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=41977..44837>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 15-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-15

---

1. Төмөнкү административдик иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралат:

1) административдик актыны жараксыз же административдик органдын аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп толугу менен же болбосо бир бөлүгүн таануу жөнүндө;

2) административдик органдын доогерге оордук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоо же башка аракеттерди жасабоо милдеттери жөнүндө;

3) административдик органдын административдик актыны кабыл алуу же айрым аракеттерди жасоо милдети жөнүндө;

4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө;

5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө.

2. Төмөнкү иштер административдик сот өндүрүш тартибинде каралбайт:

1) укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толугу менен же анын бөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө;

2) жазык процессинин чөйрөсүндөгү укук мамилелеринен келип чыккан укук коргоо органдарынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө;

3) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-16)
