# 149-берене. Далилдерди иликтөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 149-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-149

---

1. Доо талаптары же болбосо каршы пикирлер негизделген, же болбосо ишти чечүү үчүн башка мааниге ээ болгон (сотко кайрылуу үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберүү себептери жана башка) жана иш боюнча соттук чечимди чыгарууда аныкталууга тийиш болгон жагдайлар далилдөөнүн предмети болуп саналат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды аныктоо үчүн соттук жыйналышта ишке катышкан жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулат, жазуу жүзүндөгү жана буюмдай далилдер, анын ичинде аларда жазылган маалыматтары бар маалыматтарды алып жүрүүчүлөр, эксперттердин корутундулары иликтенет.

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-148)  
Кийинки берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-150)
