# 147-берене. Процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 147-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-147

---

1. Ишти баяндагандан кийин сот соттук жыйналышта катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн төмөнкүдөй ырааттуулукта угат: доогер, жоопкер, үчүнчү жактар.

2. Үчүнчү жактар түшүндүрмөлөрдү доогерден же жоопкерден кийин берет.

3. Сотко башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн кайрылган прокурор, Акыйкатчы (Омбудсмен), мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрү, жарандар түшүндүрмөлөрүн биринчи болуп беришет.

4. Процесстин катышуучуларынын өкүлдөрү өз түшүндүрмөлөрүн өкүл ээсинин атынан беришет.

5. Процесстин катышуучулары бири-бирине суроолорду берүүгө укуктуу. Судья процесстин катышуучуларына алар түшүнүк берип жаткан кандай болбосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

6. Процесстин катышуучулары түшүндүрмөлөрүндө алардын талаптары же каршы пикирлери негизделген жагдайларды көрсөтөт.

7. Эгерде процесстин катышуучулары түшүндүрмөлөрдү берген убакта жаңы далилдерди көрсөтсө жана сот аларды зарыл деп тааныса, сот аларды билдирүүнү тапшыра алат.

8. Эгерде тараптар, үчүнчү жактар так эмес сүйлөшсө же алардын сөздөрүнөн алардын жагдайларды тааный тургандыгы же болбосо аларга каршы экендиктери жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүн болбосо, сот бул адамдардан конкреттүү - "ооба" же болбосо "жок" деген жоопту талап кыла алат.

9. Ишке катышып жаткан тараптар, үчүнчү жактар бири-бирине төрагалык кылуучу тарабынан белгиленген тартипте суроолорду беришет. Сот ишке тиешеси жок суроолорду четке кагат.

10. Эгерде ишке катышкан тараптардын, үчүнчү жактардын жана башка адамдардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү иште бар болсо, төрагалык кылуучу бул түшүндүрмөлөрдүн мазмунун жарыя кылат.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-148)
