# 146-берене. Ишти маңызы боюнча соттук териштирүүнүн башталышы

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 146-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-146

---

1. Ишти маңызы боюнча соттук териштирүү соттук жыйналышта төрагалык кылуучунун же судьялардын кимдир-бирөөсүнүн ишти баяндоосунан башталат. Андан соң ал доогер административдик доону колдой тургандыгын, аны жоопкер тааный тургандыгын жана тараптар ишти жарашуу макулдашуусу менен бүтүрүүнү каалай тургандыгын айкындайт.

2. Ишти процесстин катышуусу жокто кароо учурунда соттук жыйналышта төрагалык кылуучу, эгерде позициясы жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдө баяндалбаса, доо талаптарына карата өз позициясын баяндайт.

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-147)
