# 143-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу. Соттук жыйналыштагы тыныгуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-143>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-143.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 143-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-143

---

1. Сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга милдеттүү, эгерде:

1) жоопкер доонун көчүрмөсүн албаса жана ошондуктан соттон ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууну өтүнсө;

2) соттун чечими менен укугу же укуктук кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон жакты процесстин катышуучусу катары тартуу зарыл болсо;

3) соттук жыйналышка процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөө келбей калса жана ал соттук жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө кабарланылбаса;

4) үчүнчү жактар тарабынан өз алдынча талаптар коюлса.

5) соттук жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулар келип чыкса (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу). Мында соттук жыйналыштын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

2. Сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга укуктуу, эгерде төмөнкүдөй деп тааныса:

1) процесстин талаптагыдай кабарландырылган катышуучусу, күбө, эксперт же котормочу келбей калгандыгынан же болбосо башка жүйөлүү себептер бар экендигинен улам ишти териштирүүнү мүмкүн эмес;

2) кошумча далилдерди көрсөтүү, талап кылуу же болбосо башка процесстик иш-аракеттерди жасоо зарыл.

3. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууда, жаңы соттук жыйналышта иштин чечилишин камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берүүчү убакытты эске алуу менен жаңы соттук жыйналыштын датасы дайындалат, бул жөнүндө келген адамдарга кол койдуруу менен жарыя кылынат. Келбей калган жана процесске катышууга карата жаңыдан тартылган адамдарга ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу тууралуу аныктаманын көчүрмөсү жиберилет.

4. Аны кийинкиге калтыргандан кийин ишти териштирүү башынан башталат.

5. Эгерде тараптар процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн кайталоону талап кылбаса, иштин материалдары менен тааныш болсо, соттун курамы өзгөрбөсө, сот процесстин катышуучуларына мурда берилген түшүндүрүүлөрүн аларды кайталабастан ырастоого, аларды толуктоого, кошумча суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу.

6. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуулар келип чыккан учурда соттук жыйналышта тыныгуу жарыялай алат.

7. Соттук жыйналышка тыныгуу он күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяланышы мүмкүн.

8. Тыныгуу аяктагандан кийин соттук жыйналыш улантылат, бул жөнүндө төрагалык кылуучу соттук жыйналышта жарыялайт. Тыныгууга чейин иликтенген далилдерди кайталап кароо жүргүзүлбөйт.

9. Тыныгуу жарыяланганга чейин соттук жыйналыштын залында катышып отурган процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланылды деп эсептелет жана алардын тыныгуу аяктагандан кийин соттук жыйналышка келбей калуусу аны улантуу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-142)  
Кийинки берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-144)
