# 142-берене. Соттук жыйналышка күбөнүн, эксперттин, адистин келбей калуусунун кесепеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 142-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-142

---

1. Соттук жыйналышка күбө, эксперт же адис келбей калган учурда, сот ишке катышкан жактардын процесстин катышуучулары жок кезде ишти кароо мүмкүндүгү жөнүндө пикирин угат жана соттук териштирүүнү улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Эгерде чакырылган эксперт же адис сот жүйөсүз деп тааныган себептер боюнча соттук жыйналышка келбей калса, сот көрсөтүлгөн адамдарга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салышы мүмкүн.

Күбө экинчи жолку чакыруу боюнча жүйөлүү себептерсиз келбей калганда мажбурлап алып келиниши мүмкүн, бул жөнүндө сот аныктама кабыл алат.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-143)
