# 141-берене. Процесстин катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн соттук жыйналышка келбей коюуларынын кесепеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-141>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-141.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 141-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-141

---

1. Процесстин катышуучулары келбей калгандыгынын себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана ал себептердин жүйөлүүлүгүнө далилдерди берүүгө милдеттүү.

2. Соттук жыйналышка аларга кабарлоо тууралуу маалымат болбогон процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөлөрү келбей калган учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.

3. Эгерде процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган болсо, эгерде алардын келбей калганынын себептеринин жүйөлүүлүгү жөнүндө тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

4. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланган процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөсү келбей калган учурда, эгерде келбей калуунун себептери жөнүндө маалымат болбогондо же болбосо сот анын келбей калган себептерин жүйөсүз деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу.

5. Тараптар соттон ишти аларсыз кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жиберүүнү өтүнүүгө укуктуу. Эгерде бул иштин жагдайлары боюнча зарыл болсо, сот тараптардын соттук жыйналышка катышуусун милдеттүү деп тааный алат. Сот тарабынан соттук жыйналышка катышуусу милдеттүү деп таанылган процесстин катышуучусу келбей калганда, сот ушул Кодекстин 128-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган чараларды көрүүгө укуктуу.

6. Соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланган процесстин катышуучусунун өкүлүнүн келбей калуусу ишти кароого бөгөт болуп саналбайт. Сот процесстин катышуучусунун өтүнмөсү боюнча, анын өкүлүнүн келбей калганына байланыштуу ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

---

Мурунку берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-140)  
Кийинки берене: [142-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-142)
