# 14-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүк принциби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 14-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-14

---

1. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.

2. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот актыларынын милдеттүүлүгү ишке катышпаган кызыкдар адамдардын өздөрүнүн бузулган же талаш-тартыш туудурган укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылуу укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-15)
