# 136-берене. Котормочуга анын милдеттерин түшүндүрүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 136-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-136

---

1. Төрагалык кылуучу котормочуга сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамдардын түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, ал эми ал адамдарга - ишке катышкан адамдардын жана күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрүн, көрсөтмөлөрүн, арыздарын, жарыя кылынган жана иштеги болгон документтерди, аудио жана видео жазууларды, эксперттердин корутундуларын, адистердин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле төрагалык кылуучунун тескемелерин, соттун аныктамаларын жана чечимдерин которуп берүү милдетин түшүндүрөт.

2. Котормочу которуу убагында котормону тактоо үчүн процесстин катышуучуларына суроо берүүгө, соттук жыйналыштын протоколундагы котормонун тууралыгы боюнча сын-пикирин билдирүүгө укуктуу.

3. Төрагалык кылуучу котормочуга билип туруп туура эмес которгону үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу эскертет. Котормочунун бул тууралуу тил каты соттук жыйналыштын протоколуна тиркелет.

Котормочу сотко келүүдөн качкан учурда, сот ага ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салышы мүмкүн.

4. Ушул берененин эрежелери дудук же дүлөйлөрдүн (сурдокотормочунун) белгилерин түшүнгөн жана ишти териштирүүгө катышуу үчүн чакырылган адамдарга жайылтылат.

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-137)
