# 134-берене. Соттук жыйналышта тартипти бузгандарга карата колдонулуучу чаралар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 134-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-134

---

1. Ишти териштирүү убагында тартипти бузган адамга төрагалык кылуучу соттун атынан эскертүү жасайт.

2. Тартипти кайталап бузганда процесстин катышуучулары соттун аныктамасы боюнча соттук териштирүүнүн бардык убактысына же бир бөлүгүнө соттук жыйналыштын залынан чыгарып жиберилиши мүмкүн. Кийинки учурда төрагалык кылуучу жыйналыштар залына кайра киргизилген адамга ал жок кезде жүргүзүлгөн процесстик иштерди тааныштырат. Ишти териштирүүгө катышып олтурган жарандар тартипти кайталап бузганы үчүн төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча залдан чыгарылат.

3. Тартипти бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдарга, ошондой эле алар соттук жыйналыштын жүрүшүндө сотко урматтоо көрсөтпөгөндүгү үчүн сот аларга ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айып пул салууга укуктуу.

4. Эгерде соттук жыйналышта тартип бузуучунун аракеттеринде кылмыш белгилери бар болсо, сот материалдарды тиешелүү прокурорго жиберет.

5. Ишти териштирүүдө катышып отурган жарандар тарабынан тартип жапырт бузулганда, сот процесстин катышуучулары болуп саналбаган бардык жарандарды соттук жыйналыштын залынан чыгарып жибере алат же ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат.

6. Видеоконференцбайланыш тутумун колдонуу менен соттук териштирүүнү жүргүзүүдө соттук жыйналышта тартипти кайрадан бузууга жол берген, ошондой эле сотко урматтоо көрсөтпөгөн жактардын чыгып сүйлөө жана өз билдирүүлөрүн айтуу (алардын видео сүрөттөлүшүн өчүрүү менен же ансыз) мүмкүнчүлүгү соттук жыйналыштын бүткүл убактысында же бөлүгүндө чектелиши мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-135)
