# 132-берене. Соттук жыйналышта төрагалык кылуучу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 132-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-132

---

1. Ишти жеке өзү караган судья төрагалык кылуучунун милдетин аткарат.

2. Төрагалык кылуучу тараптардын укуктарынын теңдигин камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте каралган бардык чараларды көрүү менен соттук жыйналышка жетекчилик кылат, иштин жагдайларын ар тараптан, толук жана объективдүү иликтөө үчүн зарыл шарттарды түзөт. Төрагалык кылуучу ошондой эле соттук жыйналыштын күн тартибинин сакталышын камсыз кылат, соттук териштирүүнүн бардык катышуучуларына алардын укуктарын жана милдеттерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин түшүндүрөт.

Соттук териштирүүгө катышкан адамдардын кимдир-бирөө төрагалык кылуучунун иш-аракеттерине каршы пикирин билдирген учурда, бул каршы пикирлер соттук жыйналыштын протоколуна киргизилет жана төрагалык кылуучу өзүнүн иш-аракеттери карата түшүндүрмө берет.

3. Төрагалык кылуучунун тескемелерин процесстин бардык катышуучулары, алардын өкүлдөрү, күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар жана соттук жыйналыштын залында катышып отурган адамдар үчүн аткарууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [1311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1311)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-133)
