# 131-берене. Ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 131-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-131

---

1. Эгерде ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароо жөнүндө өтүнмөнү доогер билдирбеген, ал эми процесстин башка катышуучулары ишти кароонун ушундай тартибин колдонууга каршылык билдирбеген учурда иш жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде каралышы мүмкүн.

2. Процесстин катышуучусу чечим чыгарылганга чейин ишти жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде кароого жазуу жүзүндөгү макулдукту кайра чакыртып ала алат.

3. Процесстин катышуучуларынын макулдугуна жана жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде ишти дайындоого карабастан, эгерде аны туура чечүү үчүн зарыл деп эсептесе, сот чечим чыгарылганга чейин ишти оозеки териштирүүдө кароо үчүн соттук жыйналышты дайындай алат.

4. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде иштер оозеки териштирүүнү жүргүзбөстөн каралат. Ишти ушундай тартипте кароодо сот жазуу жүзүндөгү далилдерди (билдирилген талаптардын маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү жана каршы пикирлерди кошкондо) гана иликтейт.

5. Жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процессинде сот кошумча өтүнмөлөрдү жана документтерди берүүгө боло турган мөөнөттү, ошондой эле чечимди жарыя кылуу датасын, убактысын жана ордун дайындайт жана алар жөнүндө процесстин катышуучуларына кабарлайт.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-130)  
Кийинки берене: [1311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-1311)
