# 130-берене. Оозеки териштирүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 130-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-130

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, административдик ишти соттук териштирүү оозеки өтөт. Соттук жыйналышта административдик ишти териштирүү учурунда соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө процесстин катышуучуларына милдеттүү түрдө кабарланылат.

2. Ушул Кодексте белгиленген учурларда административдик ишти соттук териштирүү жөнөкөйлөтүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесс тартибинде соттук жыйналышты өткөрбөстөн жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-131)
