# 13-берене. Административдик сот өндүрүшүнүн айкындык жана ачыктык принциби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031786)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=28729..37931>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 13-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-13

---

1. Иштерди териштирүү бардык соттордо ачык жүрөт.

2. Соттук ачык жыйналышта ишти кароонун натыйжалары боюнча чыгарылган соттун чечими ачык жарыяланат.

3. Соттук ачык жыйналышта катышкан ишке катышып отурган адамдар соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуу каражаттарынын жардамы менен белгилеп алууга укугу бар. Соттук жыйналышты кино- жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түз радио- жана телеберүүгө соттун уруксаты менен жол берилет.

4. Соттун жабык жыйналыштарында иштерди кароо жана чечимдерди жарыялоо мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча, ошондой эле бул мыйзамда каралган учурларда башка иштер боюнча жүзөгө ашырылат. Ошондой эле ишке катышкан адамдын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого, жарандардын жеке жашоо-турмушу жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун зарылдыгына жана ачык талкуулоо иштин туура каралышына жолтоо кылууга жөндөмдүү башка жагдайларга таянган өтүнмөсүн канааттандырууда жабык соттук териштирүүгө жол берилет.

Жабык соттук териштирүүнүн жүрүшүн жазуу жүзүндө же үн жазуучу каражаттардын жардамы менен жаздырып каттоого, жабык соттук отурумду кино- жана фото сүрөткө тартууга, көрмө жазууга, түз радио- жана телеберүүгө жол берилбейт.

5. Сот ишти жабык соттук жыйналышта кароо жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, анда соттун жабык жыйналышына катышкан адамдардын ишти кароодо белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчиликтери тууралуу сот тарабынан эскертилгендиги көрсөтүлөт.

6. Ишти жабык соттук жыйналышта териштирүүдө ишке катышкан адамдар, алардын өкүлдөрү, ал эми зарыл болгон учурларда, ошондой эле күбөлөр, эксперттер, адистер, котормочулар, ошондой эле соттук териштирүү анын кызыкчылыгында жабык деп жарыяланган адамдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары, ал ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери катышат.

7. Жабык соттук жыйналышта иш ушул Кодексте белгиленген бардык эрежелерди сактоо менен каралат жана чечилет.

8. Ишти жабык соттук жыйналышта кароонун натыйжалары боюнча чечимдин резолюциялык бөлүгү ачык жарыяланат.

(КР 2025-жылдын 22-сентябрындагы №204 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-14)
