# 129-берене. Административдик ишти соттук жыйналышта кароо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 129-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-129

---

1. Административдик иш даярдоо өндүрүшү аяктаганы жана ишти соттук териштирүүгө дайындоо тууралуу аныктама кабыл алынган күндөн тартып эки айга чейинки мөөнөттө каралат жана чечилет.

2. Ушул Кодексте жана мыйзамдарда административдик иштердин айрым категорияларын кароонун жана чечүүнүн башка мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

3. Административдик ишти соттук териштирүү процесстин катышуучуларын чакыруу менен соттук жыйналышта жүзөгө ашырылат.

4. Соттук жыйналыш соттун жайында өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда айрым процесстик иш-аракеттер соттун жайынан тышкары жерде жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Административдик процесстин катышуучусу ишти ал болбогондо кароо жөнүндө өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Эгерде сот ишти ошол катышуучу жокто кароонун мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келсе, анын соттук жыйналышка келбей калышы соттук териштирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-130)
