# 127-берене. Административдик иштерди бириктирүү жана административдик доо талаптарын бөлүп алуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 127-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-127

---

1. Эгерде мындай талаптарын туура жана өз убагында каралышына көмөктөшөт деп тааныса, соттун өндүрүшүндө турган бир түрдүү, бир эле тараптар катышкан административдик иштерди же болбосо ар кандай административдик жоопкерлерге карата бир административдик доогердин доолору боюнча соттун өндүрүшүндө турган бир нече административдик иштерди же болбосо бир административдик доогерге карата бир нече ар кандай административдик доогерлердин доолору боюнча бир нече административдик иштерди биргелешип кароо жана чечүү үчүн сот өзүнүн аныктамасы менен бир өндүрүшкө бириктире алат.

2. Эгерде сот билдирилген талаптарды өз-өзүнчө кароону максатка ылайык деп тааныса, бир административдик доо талапты же бириктирилген бир нече талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлөт.

3. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүүгө жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө биринчи инстанциядагы сотто административдик иштерди карап чыгуу менен аяктаган соттук актыларды кабыл алганга чейин жол берилет.

4. Сот административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө, билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө же тиешелүү өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, анын көчүрмөсү ушундай административдик иштердин процессинин катышуучуларына жиберилет.

5. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө өтүнмөнү канааттандыруудан баш тартуу тууралуу же билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлүү жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу берилиши мүмкүн.

6. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү жөнүндө маселени чечүүдө алар боюнча мурда өндүрүшү козголгон административдик иштер менен бириктирилет.

7. Административдик иштерди бир өндүрүшкө бириктиргенден жана билдирилген талаптарды өзүнчө өндүрүшкө бөлгөндөн кийин административдик ишти соттук териштирүүгө даярдоо кайрадан башталат.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-128)
