# 126-берене. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында административдик доодон баш тартуу жана административдик доону таануу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 126-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-126

---

1. Доогер доодон толук же жарым-жартылай баш тарта алат, ал эми жоопкер - доону толук же жарым-жартылай тааный алат. Даярдоо өндүрүшүнүн убагында доодон баш тартуу же доону таануу сотко даректелген жазуу жүзүндөгү өтүнмөдө баяндалууга, ал ишке тиркелүүгө тийиш.

2. Доодон баш тартууну кабыл алууда сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат. Доогер доодон жарым-жартылай баш тарткан учурда сот доо талаптарынын бир бөлүгүнө карата иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Жоопкер доону жарым-жартылай тааныган жана аны сот кабыл алган учурда ушул Кодекстин 174-беренесине ылайык жоопкер тарабынан таанылган доо талаптарын канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынышы мүмкүн. Жоопкер доону толук тааныганда жана аны сот кабыл алганда, доону канааттандыруу тууралуу соттун чечими кабыл алынат.

4. Эгерде доогердин же жоопкердин бул иш-аракеттери мыйзамга карама-каршы келсе же болбосо кимдир-бирөөнүн укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын бузса, сот доогердин доодон баш тартуусун, жоопкер доону таануусун кабыл албайт жана административдик ишти кароону улантат. Сот доогердин доодон баш тартуусун четке кагуу тууралуу жана жоопкердин доону таануусун четке кагуу тууралуу жүйөлөнгөн аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-127)
