# 124-берене. Жоопкердин административдик доого каршы пикири

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=37931..41977>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 124-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-124

---

1. Жоопкер өзүнүн демилгеси боюнча же соттун талабы боюнча административдик доону алгандан кийин сотко жана административдик процесстин катышуучуларына өзүнүн жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет. Каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик түрдө берилиши мүмкүн, ага санариптик чөйрөдө укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте санариптик кол тамга же идентификатор менен кол коюлат.

2. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) каршы пикир киргизилүүчү соттун аталышы;

2) тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн аталышы, даректери;

3) ар бир талап боюнча доону бир бөлүгүн же толук таанууга же тааныбоого жоопкердин позициясы;

4) доону тааныбаган учурда доого каршы пикирлер негизделген далилдер;

5) эгерде үчүнчү жактар бар болсо, алар;

6) каршы пикирге тиркелген документтердин тизмеги;

7) ишти кароо үчүн жана чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар, ошондой эле жоопкердин өтүнмөсү.

3. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан киргизилип жатса, анда ага анын ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ тиркелүүгө тийиш.

Жоопкердин доого жазуу жүзүндө каршы пикирин бербей коюшу, анда болгон далилдер боюнча ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

4. Эгерде жоопкер жазуу жүзүндөгү каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберсе жана мөөнөттү өткөрүп жиберүү ишти өз учурунда карап чыгууну кыйындатса, сот жоопкерге ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган өлчөмдө жана тартипте соттук айыпты сала алат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-125)
