# 121-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265026..1265027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 121-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-121

---

1. Доону кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында ишти соттук териштирүүгө карата даярдайт.

2. Ишти соттук териштирүүгө даярдоону доону өндүрүшкө кабыл алган судья жүзөгө ашырат.

3. Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама кабыл алат жана жүргүзүү керек болгон иш-аракеттерди көрсөтөт.

4. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде судья төмөнкү маселелерди чечет:

1) документтерди жана башка материалдарды талап кылып алуу; эгерде жазуу жүзүндөгү жана буюм далилдерин сотко алып келүүгө мүмкүн болбосо, аларды жеринде кароону жүргүзүү; экспертизаны дайындоо;

2) процесстин катышуучуларынын жеке өздөрүнүн соттук жыйналышка катышууга милдеттүүлүгү, ишке үчүнчү жактарды тартуу;

3) административдик ишти соттук териштирүүгө күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана чакыруу;

4) алдын ала соттук жыйналышты өткөрүү.

Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо боюнча башка иш-аракеттерди да жүргүзө алат.

5. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо доо соттун өндүрүшүнө кабыл алынган учурдан тартып бир айдан ашпоого тийиш.

6. Соттук териштирүүгө даярдоо административдик процесстин милдеттүү баскычы болуп саналат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-122)
