# 12-берене. Объективдүү териштирүү принциби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 12-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-12

---

1. Сот процесстин катышуучуларынын түшүндүрүүлөрү, билдирүүлөрү жана сунуштамалары, берилген далилдери жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, талаш-тартышты туура чечүү үчүн мааниси бар иш жүзүндөгү бардык жагдайларды иликтейт.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча өз алдынча же процесстин катышуучуларынын өтүнмөлөрүнүн негизинде башка далилдерди чогултат. Сот тараптардан кошумча маалыматтарды жана далилдерди берүүнү талап кыла алат.

3. Административдик сот өндүрүшүнүн катышуучулары талаш-тартышка байланыштуу иш жүзүндөгү жагдайларды иликтөөдө жана далилдерди чогултууда сотко көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-13)
