# 119-берене. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 119-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-119

---

1. Доону камсыз кылуу процесстин катышуучуларынын арызы боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Процесстин катышуучулары жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доодон баш тартылган иш боюнча өндүрүш токтотулган же доо кароосуз калтырылган учурда доону камсыз кылуу чаралары сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок процесстин катышуучуларынын арызы боюнча сот актысы менен бир эле убакта же анын токтомунан кийин доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат.

4. Доо канааттандырылган аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өзүнүн колдонулушун сактайт.

5. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-120)
