# 118-берене. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 118-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-118

---

1. Административдик процесстин катышуучусунун арызы боюнча доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштырууга жол берилет.

2. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башкасына алмаштыруу жөнүндө маселе соттук жыйналышта чечилет. Ишке катышкан адамдар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарланылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жеке даттануу (сунуштама) берүү аныктаманын аткарылышы токтото турат.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-119)
