# 117-берене. Доону камсыз кылуунун тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 117-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-117

---

1. Доону камсыз кылуу тууралуу өтүнмө аны алгандан кийинки күндөн кечиктирбестен каралат, жоопкерди жана административдик процесстин башка катышуучуларын кабарландырбастан, аныктама менен чечилет.

2. Жоопкер же процесстин башка катышуучусу кандай болбосун убакта доону камсыз кылуунун бир ыкмасын башкасына алмаштыруу же доону камсыз кылуу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө өтүнмө кылууга укуктуу.

3. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча аныктамаларды аткаруу аткаруучу өндүрүш тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Доону камсыз кылуу чараларын кабыл алуу жөнүндө аныктама токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн. Аныктамага даттануу анын аткарылышын токтото албайт.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-118)
