# 116-берене. Доону камсыз кылуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 116-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-116

---

1. Сот доогердин жүйөлөнгөн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси менен доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрө алат. Эгерде камсыз кылуу чараларын кабыл албоо соттун чечимин аткарууну кыйындатса же аткарылышын мүмкүн эмес кылса же, эгерде административдик актынын, административдик органдын аракетинин (аракетсиздигинин) укукка жат экендигинин белгилери айкын болсо, сот өндүрүшүнүн кандай болбосун баскычында доону камсыз кылууга жол берилет.

2. Доонун талаптарын камсыз кылуу чаралары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоого тыюу салуу;

2) жоопкерге жана башка жактарга айрым аракеттерди жасоо милдетин жүктөө;

3) талашылып жаткан административдик актынын колдонулушун токтото туруу.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-117)
