# 114-берене. Доону кыймылсыз калтыруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 114-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-114

---

1. Сот доо сотко ушул Кодекстин 111-беренесинде баяндалган талаптар (көрсөтүлгөн берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген талаптардан тышкары) сакталбастан берилгендигин белгилеп, доону кыймылсыз калтырат, бул жөнүндө доо берген адамга кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет, бул жөнүндө аныктама кабыл алат.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада саналган талаптарды аткарса, доо сотко алгачкы жолу сунушталган күнү берилди деп эсептелет. Андай болбогон учурда доо берилбеген болуп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен доогерге кайра кайтарылат.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-115)
