# 113-берене. Доону кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=1265031..1265032>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 113-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-113

---

1. Сот доону кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатпаса;

2) бир эле тараптардын ортосунда бир эле жүйө жөнүндө же ошол эле негиздер боюнча сот тарабынан чыгарылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими же болбосо иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же доону өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;

3) доогер талаш-тартышты чечүүнүн сотко чейинки мыйзамда белгиленген тартибин сактабаса жана ушундай тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса.

4) административдик доо ушул Кодексте же мыйзамда аларга мындай укук каралбаган мамлекеттик бийлик органы, башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, уюм, кызмат адамы же болбосо жаран тарабынан башка жактын, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын же коомдук кызыкчылыктарды коргоо үчүн берилсе;

5) административдик доону, арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн административдик иштердин айрым категориялары боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн аныктоочу ушул Кодекстин ченемдеринде каралган башка негиздер болсо.

2. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама кабыл алат, ал сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга тийиш. Аныктама доогерге ал берген документтерди кайра кайтаруу менен бир убакта тапшырылат же жиберилет.

3. Доону кабыл алуудан баш тартуу доогерге ошол эле жүйө жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча жоопкерге доо менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылат. Доону кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-114)
