# 112-берене. Доону өндүрүшкө кабыл алуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 112-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-112

---

1. Судья доону алгандан кийин төмөнкүлөрдү айкындайт:

1) доо административдик процесстик аракетке жөндөмдүү жак тарабынан берилгенби;

2) өкүл талаптагыдай ыйгарым укуктарга ээби (эгерде доо өкүл тарабынан берилсе);

3) доо ушул Кодекстин 111-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби;

4) доо административдик сот өндүрүшү тартибинде каралууга жатабы;

5) талаш-тартышты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда белгиленген тартиби сакталганбы;

6) доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн ушул Кодексте белгиленген башка негиздер жокпу.

2. Эгерде доону кайра кайтаруу же өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиздер жок болсо, судья доону өндүрүшкө кабыл алат.

3. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө маселени судья доо соттун өндүрүшүнө келип түшкөн же аны кыймылсыз калтырган учурда доонун кемчиликтерин четтетүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып беш күндүн ичинде кабыл алат.

4. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамада төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) соттун аталышы, доону өндүрүшкө кабыл алган судьянын фамилиясы, аты-жөнү, иштин номери;

2) ким тарабынан жана кимге доо коюлганы;

3) доо талаптарынын мазмуну;

4) эгерде сот өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, алдын ала соттук жыйналыштын датасы, убактысы жана орду;

5) жоопкерге доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирлерин жана өзүндө болгон далилдерди сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө берүү сунушу;

6) тараптарга жана үчүнчү жактарга сот тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө жөнөкөйлөштүрүлгөн (жазуу жүзүндөгү) процесске макулдук билдирүү тууралуу сунушу.

5. Доону өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама кабыл алынгандан кийин анын көчүрмөсү тараптарга, алардын өкүлдөрүнө жана үчүнчү жактарга жиберилет.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-113)
