# 110-берене. Административдик доону берүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2025 года № 48 "О внесении изменения в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023942)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2025 года № 48 "О внесении изменения в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023942); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=26250..28729>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 110-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-110

---

1. Эгерде мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе, доо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып, же болбосо арыз ээси бул актынын чыгарылгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде сотко берилет.

Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттерине даттанууда арыздар сотко арыз ээси алардын жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын аракетсиздигине даттанууда арыздар сотко ал боюнча жооп алынбаган же болбосо арыз ээси аны менен макул болбогон жооп алынган тиешелүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, алардын кызмат адамдарына кайрылган күндөн бир ай өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.

2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Административдик органдын аракеттерине (аракетсиздигине) сотко чейинки тартипте даттануу мүмкүн болбогон учурда, аракетке (аракетсиздикке) даттануу доогер аракеттин жасалгандыгы жөнүндө билген күндөн тартып үч айдын ичинде, ал эми административдик органдын аракетсиздигине - доогер тиешелүү административдик органга кайрылган күндөн тартып отуз жумушчу күн өткөндөн кийин үч айдын ичинде берилет.

4. Мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө доо сотко доогердин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулгандыгы жөнүндө доогерге белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде берилет.

5. Административдик акт тарабынан укугу жана (же) кызыкчылыктары козголгон, бирок кызыкдар жак катары административдик жол-жобого тартылбаган жак административдик акт жөнүндө билген же билиши мүмкүн болгон күндөн тартып үч айдын ичинде, бирок ал күчүнө кирген күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен сотко доо бере алат.

6. Доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү ушул Кодексте белгиленген тартипте доону берүү менен токтотулат. Тыныгуудан кийин доону берүүгө мөөнөттүн өтүшү кайрадан башталат. Тыныгууга чейин өткөн убакыт жаңы мөөнөткө кирбейт.

7. Эгерде сот доону кароосуз калтырса, анда доо коюлганга чейин доону берүү мөөнөтүнүн өтүшү жалпы тартипте улантылат. Доо коюлган учурдан тартып жана доону кароосуз калтыруу жөнүндө соттун аныктамасы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки убакыт доону берүүнүн эскирүү мөөнөтүнө эсептелбейт.

8. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, сот жүйөлүү деп тааныган себептер боюнча доону берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген жактарга өткөрүп жиберген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 28-февралындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-111)
