# 105-берене. Кабарлоону кабыл алуудан баш тартуунун кесепеттери

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 105-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-105

---

1. Дарек ээси кабарлоону кабыл алуудан баш тартканда, аны жеткирген же тапшырган адам бул тууралуу тапшыруу жөнүндө кабарлоого белги коюу жолу менен баш тартууну каттоого тийиш, ал сотко кайрып берүүгө жатат.

2. Дарек ээсинин кабарлоону кабыл алуудан баш тарткандыгы тууралуу белги дарек ээси жашаган же турган жердеги тиешелүү турак жай-эксплуатациялык уюм, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же анын иштеген жери боюнча администрация тарабынан күбөлөндүрүлөт.

3. Кабарлоону кабыл алуудан баш тарткан адам соттук териштирүүнүн же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-106)
