# 104-берене. Соттук кабарлоолор

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520#diff=57353..59851>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 104-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-104

---

1. Административдик процесстин катышуучулары соттук жыйналыштын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин жардамы аркылуу сот тарабынан кабарландырылат.

Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруунун ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Эгерде кабарлоо билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилсе, ал көрсөтүлгөн сервис аркылуу тапшырылган болуп эсептелет жана бул жөнүндө санариптик жазуу менен ырасталат. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Эгерде кабарлоо дарек ээсине же анын өкүлүнө түздөн-түз сотто же болбосо анын турган жери боюнча тапшырылса, мындай тапшыруу кол койдуруу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Иштин материалдарында административдик процесстин катышуучусунун уюлдук телефонунун номери жана электрондук почтасынын дареги жок болгон учурда, кабарлоо юридикалык жактын сотко белгилүү болгон акыркы турган жери же жеке жактын жашаган жери боюнча дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо аркылуу тапшырык кат менен жиберилет.

3. Эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жактар сот тарабынан ушул главада белгиленген эрежелер боюнча кабарланылат.

4. Сот тарабынан кабарлоонун жиберилгенин жана алар ушул беренеде белгиленген тартипте дарек ээси тарабынан алынганын ырастаган документтер (тапшырылганы жөнүндө кабарлоо, тил кат, башка документтер) иштин материалдарына кошо тиркелет.

5. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай билдирүү болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-105)
