# 103-берене. Процесстик мөөнөттөрдү калыбына келтирүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 103-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-103

---

1. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, сот тарабынан жүйөлүү деп таанылган себептер боюнча мыйзамда белгиленген мөөнөттү өткөрүп жиберген адамдарга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз өткөрүп жиберген мөөнөткө карата зарыл процесстик иш-аракеттерди (даттануу берүү, документтерди көрсөтүү жана д.у.с.) жасоо менен бир убакта биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет жана тиешелүү сот тарабынан соттук жыйналышта каралат.

3. Ишке катышкан адамдар жыйындын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы соттун алдына коюлган маселени чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

4. Процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө же болбосо калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлөнгөн аныктама чыгарылат, ал даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-104)
