# 10-берене. Мыйзамдуулук принциби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 10-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-10

---

1. Сот иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде чечүүгө милдеттүү.

2. Сот административдик ишти кароодо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана алардын кызмат адамдарынын актысынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык эместигин белгилөө менен, юридикалык чоң күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыларга ылайык чечим кабыл алат.

3. Талаш-тартыш мамилени жөнгө салуучу укук ченеми болбогон учурда сот окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдерин колдонот, ал эми мындай ченемдер болбогондо, талаш-тартыш мыйзамдардын жалпы негиздерине жана маңыздарына таянуу менен чечилет (мыйзамдын окшоштугу жана укуктун окшоштугу).

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-11)
