# 9-берене. Сотко чейинки пробация

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 9-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-9

---

1. Сотко чейинки пробация - айыпталуучуга карата колдонулуучу жана анын ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөөдөн турган пробация, анын жыйынтыктары боюнча пробациялык баяндама түзүлөт.

2. Сотко чейинки пробация айыпталуучуга карата пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Сотко чейинки пробация маалыматтарды чогултуунун жана баалоонун негизинде айыпталуучунун ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөө формасында жүзөгө ашырылат.

4. Маалыматтар төмөнкүлөр жөнүндө чогултулууга тийиш:

1) пробациянын кардарынын социалдык статусу;

2) үй-бүлөсү, башка социалдык байланыштары;

3) турак-жай жана социалдык-тиричилик шарттары;

4) билими;

5) жашаган, иштеген, окуган жери, ишинин түрү;

6) ден соолугунун абалы;

7) шыктары жана адаттары;

8) алкоголго, баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыгынын, психикалык бузулууларынын болушу;

9) оор турмуштук кырдаалга алып келген башка жагдайлар.

5. Маалыматтарды чогултуу мүнөздөмөлөрдү, пикирлерди, сунуштамаларды, түшүнүк каттарды, маалымкаттарды алуу, талап кылуу, мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларын пайдалануу, актыларды жана башка документтерди түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды жыйноо тартиби, пробация органынын укуктары, ыйгарым укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Маалыматтарды чогултуу өнөкөт тобокелдиктерин жана кардардын криминогендик муктаждыктарын, ошондой эле аны коомдон обочолонтпостон түзөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен айыпталуучунун ким экендигине объективдүү баа берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.

7. Өзүнө карата пробациялык баяндама даярдалып жаткан айыпталуучу пробациялык баяндамага киргизүү үчүн маалыматтарды өзү, жактоочусу, жубайы же жакын туугандары аркылуу жазуу жүзүндө билдирүүгө жана берүүгө укуктуу.

8. Жыйналган маалыматтардын жана аларды баалоонун негизинде, коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө сунуштамалар чыгарылат, бул жөнүндө пробациялык баяндама түзүлөт.

9. Айыпталуучу сот актысында көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабаса, маалыматтар жок же толук эмес болгондо, каза болгондо, ошондой эле Кылмыш-жаза кодекси менен аныкталган адамдарга карата пробациялык баяндама түзүлбөйт. Ошол эле учурда пробация органдары пробациялык баяндаманы түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн корутунду чыгарат.

10. Пробациялык баяндаманы жана аны түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну түзүүнүн мөөнөтү соттун чечими келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күнгө чейинди түзөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-10)
