# 7-берене. Пробациянын негизги формалары

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 7-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-7

---

Пробациянын максаттарына жетишүү жана милдеттерин аткаруу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) жаза аткаруу мыйзамдарына жана укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пробациянын кардарларына контролдук жана көзөмөлдүк кылуу жана тарбиялык таасир этүү;

2) пробациянын кардарларына оор турмуштук кырдаалдан чыгууда жана кайра социалдаштырууда көмөк көрсөтүү, жеке социалдык укуктук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

3) түзөтүү процессине коомчулукту тартуу;

4) пробациянын кардарын жабырлануучу менен жараштыруу жол-жоболорун жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын түзөтүү мекемелери жана пробациянын кардарлары менен өз ара аракеттенүүсү;

6) жазык-процесстик мыйзамдарда белгиленген тартипте жазык процессинин сотко чейинки баскычында адамдарды, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулууга тийиш болгон соттолгондорго социалдык изилдөөнү жүзөгө ашыруу;

7) бекитилген усулга ылайык, пробациянын кардарларынын тобокелдиктерин баалоо жана классификациялоо.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-8)
