# 6-берене. Пробациянын кардарларынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 6-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-6

---

1. Пробациянын кардарлары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, Кылмыш-жаза кодексинде, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Жаза аткаруу кодексинде, Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, ушул Мыйзамда жана башка мыйзам актыларында белгиленген чектөөлөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарына, эркиндиктерине ээ жана милдеттерин алып жүрүшөт.

2. Пробациянын кардарлары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын өтөөнүн, пробациялык көзөмөлдүн жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун, ошондой эле укук бузуулардын жаза чараларынын шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;

2) жардамдын жана консультациянын түрлөрү жөнүндө маалыматты суратууга жана алууга;

3) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөрдү суратууга жана алууга;

4) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) жардамды жана көмөк көрсөтүүлөрдүн ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка формаларын алууга;

6) пробация органынын аракеттерине жана чечимдерине даттанууга.

3. Пробациянын кардарлары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мыйзамдарда жана соттун өкүмүндө белгиленген милдеттерди аткарууга;

2) мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органдарында каттоого турууга жана пробация органдарынын персоналынын талаптарын аткарууга;

3) пробация органдарынын талабы боюнча зарыл маалыматты берүүгө;

4) берилген жардамды багыты боюнча пайдаланууга;

5) кайра социалдаштыруу программаларына катышууга.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-7)
