# 5-берене. Пробациянын кардарлары

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2024 [Закон КР от 7 августа 2024 года № 161 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны и защиты от семейного, сексуального и гендерного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011682); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103351..14118>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 5-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-5

---

1. Пробациянын кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген адамдар:

а) коомдук иштер;

б) белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;

в) түзөтүү иштери;

г) эркиндигин чектөө;

д) балдарга карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары жана эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө;

е) пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуу;

ж) жаш балдары бар соттолгондорду жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу менен кылмыш жазасынан бошотуу;

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар жана көзөмөлдө тургандар;

21) соттун чечими менен укук бузуулар үчүн жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер колдонулгандар;

3) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Пробациянын кардарлары болуп ошондой эле аларга карата социалдык изилдөө жүзөгө ашырылган төмөнкүдөй адамдар саналат:

1) аларга карата сот тарабынан пробациялык баяндаманы даярдоо белгиленген айыпталуучулар;

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулууга тийиш болгон соттолгондор.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-6)
