# 4-берене. Пробациянын принциптери

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 4-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-4

---

Пробациянын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мыйзамдуулук;

2) гуманизм;

3) пробациянын кардарынын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана урматтоо;

4) укук бузуулардан жабырлангандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын урматтоо;

5) кайра социалдаштыруу процессин жекелештирүү, улантуучулук жана үзгүлтүксүздүк;

6) ачыктык жана айкындык;

7) социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын аткарууга катышуу жана анын пробациянын кардары үчүн жеткиликтүүлүгү;

8) пробациянын кардарларына түзөтүүчү таасир этүү жана аларды кайра социалдаштыруу менен кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн жазаларын жана мажбурлоо чараларын жана укук бузуулардын жаза чараларын бириктирүү;

9) пробациянын кардарынын жана анын үй-бүлөсүнүн жеке турмушунун купуялыгы.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-5)
