# 37-берене. Жеңилдиктер жана жоопкерчилик

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 37-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-37

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында билим берүү уюмдары, саламаттык сактоо мекемелери жана иш берүүчүлөр үчүн пробациянын кардарларын окууга, дарылоого, ишке кабыл алууну, аларга убактылуу же кызматтык турак жай берүүнү жана башка кызмат көрсөтүүнү стимулдаштырган жоболор белгиленет.

2. Лицензиялык-уруксат берүү тутуму коммерциялык уюмдарын аккредитациялоо жана ишин башкача мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында пробациянын кардарларын квоталар боюнча ишке жалдоого, окутууга, дарылоого кабыл алуу, убактылуу же кызматтык турак жайды берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттүү талаптар белгиленет.

3. Ушул Мыйзамда каралган чараларды ишке ашыруу боюнча милдет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына жүктөлөт.

4. Пландын жана программанын иш-чараларын аткарбоо же ушул Мыйзамды башкача бузуу кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигине алып келет.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-38)
