37-берене. Жеңилдиктер жана жоопкерчилик
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 8-глава
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында билим берүү уюмдары, саламаттык сактоо мекемелери жана иш берүүчүлөр үчүн пробациянын кардарларын окууга, дарылоого, ишке кабыл алууну, аларга убактылуу же кызматтык турак жай берүүнү жана башка кызмат көрсөтүүнү стимулдаштырган жоболор белгиленет.
2. Лицензиялык-уруксат берүү тутуму коммерциялык уюмдарын аккредитациялоо жана ишин башкача мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарында пробациянын кардарларын квоталар боюнча ишке жалдоого, окутууга, дарылоого кабыл алуу, убактылуу же кызматтык турак жайды берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү боюнча милдеттүү талаптар белгиленет.
3. Ушул Мыйзамда каралган чараларды ишке ашыруу боюнча милдет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына жүктөлөт.
4. Пландын жана программанын иш-чараларын аткарбоо же ушул Мыйзамды башкача бузуу кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигине алып келет.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-37" title="37-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>