# 36-берене. Ювеналдык пробациянын ишинин багыттары

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 36-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-36

---

1. Балдарга карата пробация төмөнкүлөргө багытталган:

1) инсандын кайра социалдаштырууга жана калыптандырууга;

2) турмуштук көндүмдөргө, укукка баш ийген, жашоонун сергек мүнөзүнө, жалпы кабыл алынган баалуулуктарга жана коомдогу жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүгө;

3) өз алдынчалыкты өнүктүрүүгө;

4) балдарга жардам көрсөтүү жана оор турмуштук кырдаалга кабылуу тобокелдигин болтурбай коюу боюнча үй-бүлөнүн жана коомдун мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө;

5) билим алууга;

6) социалдык турак жай жана социалдык жардам менен камсыз кылууга.

2. Балдарга карата пробация пробациянын кардарынын ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөөгө негизделет жана ага моралдык, дөөлөттүк багыт алууларды өзгөртүүгө, инсандын өзүнө өзү ички баа берүүсүн иштеп чыгууга жана аларды оң өзгөрүүлөргө жүйөлөштүрүүгө, социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына катышууга багытталган психологиялык түзөөчү таасир этүүдө турат.

3. Балдар, ювеналдык пробациянын кардарлары менен төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзүлөт:

1) алардын ата-энелери, туугандары же мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле ага оң таасир этүүчү башка адамдар менен социалдык-пайдалуу жана туруктуу байланыштарды түзүү жана колдоо;

2) үй-бүлөнүн жана социалдык чөйрөнүн ага зарыл жардам көрсөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана өнүктүрүү;

3) балдардын кароосуз жана көзөмөлсүз калышынын себептерин четтетүү;

4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу, бөгөт коюу боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрүү;

5) балдарды камкордукка алууну жана көзөмөлчүлүк кылууну, асырап алууну белгилөө;

6) атайын билим берүү уюмунда окутуу;

7) тарбиялоо абактарынан бошотулган жетим балдарды социалдык турак жай (жатакана) менен камсыз кылуу.

4. Балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата план жана программа балдарга байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын эске алуу менен мезгил-мезгили менен кайра каралып турууга тийиш.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-37)
