# 35-берене. Ювеналдык пробациянын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 35-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-35

---

1. Балдарга карата пробация (ювеналдык пробация) алардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу, алардын кайталап укук бузууну жасоосун болтурбай коюу, психологиялык-педагогикалык процесстин натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле аларды кайра социалдаштыруу жана коомго кайра интеграциялоо максатында жүзөгө ашырылат.

2. Пробациянын ушул Мыйзамда белгиленген формалары балдарга карата ювеналдык пробациянын төмөнкүдөй принциптерин сактоо менен колдонулат:

1) ювеналдык пробацияда ата-энелердин, аларды алмаштырган адамдардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, камкорчулардын, көзөмөлчүлөрдүн, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жана коомчулуктун милдеттүү түрдө катышуусу;

2) балдар менен өткөрүлүүчү иш-чараларга психологиялык-педагогикалык мамиле кылуу, тиешелүү адистерди тартуу;

3) пробация органдарынын (кызмат адамдарынын) балдар менен иштөөсүн адистештирүү;

4) балдарга, ювеналдык пробациянын кардарларына карата пландын жана программанын иш-чараларын пробациянын башка кардарларынан өзүнчө жүргүзүү;

5) берилүүчү социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыз кылуу.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-36)
