# 32-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана пробация боюнча кеңештер

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305); 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 32-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-32

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэриялары жергиликтүү деңгээлде пробацияга катышкан жана пробация тутумун түзгөн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

2. Пробациянын милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын алдында пробация боюнча кеңештер түзүлөт, алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Пробация боюнча кеңешке жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын социалдык маселелерди тейлеген орун басары башчылык кылат. Кеңешке пробацияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын аймактык өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилет. Макулдашуу боюнча пробация боюнча кеңешке коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Пробация боюнча кеңештин катчылыгынын иш-милдеттерин пробациянын аймактык органы жүзөгө ашырат.

4. Кеңеш өзүнүн ишин пландуу негизде жүзөгө ашырат жана жыйналыштарды кварталына кеминде бир жолу өткөрөт.

5. Пробация боюнча кеңеш пробациянын маселелерин карайт, пробация тутумуна кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчетторун, ошондой эле пробация жөнүндө мыйзамдарды аткаруу менен байланышкан көйгөйлүү маселелерди угат.

6. Кеңеш милдеттерди чечүү үчүн адистерди, эксперттерди тартат.

7. Кеңештин чечимдери жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечимдери формасында жол-жоболоштурулат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-33)
