# 31-берене. Волонтерлордун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 31-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-31

---

1. Пробациянын бир волонтеруна жүктүн нормативи пробациянын 10 кардары деп белгиленсин.

2. Планды жана жеке программаны ишке ашыруу максатында волонтер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) пробация органынын тапшырмасы боюнча бузуу фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү ылгоого, пробациянын кардарлары жөнүндө пикирлерди чогултууну жүзөгө ашырууга, аларга мүнөздөмөлөрдү түзүүгө;

2) пробация органынын жана анын кызмат адамдарынын талаптарын, суроо-талаптарын мамлекеттик жана башка органдарга, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга берүүгө жана алардан тиешелүү жоопторду, маалымкаттарды жана башка документтерди алууга;

3) пробациянын кардарларынан коомдук тартипти сактоону, моралдын жана коомдук турмуштун жалпы таанылган ченемдерин бузган укук бузууларга жана аракеттерге жол бербөөнү талап кылууга;

4) пробациянын кардарларынан планды жана программаны сактоону талап кылууга.

3. Волонтер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пробация органы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга;

2) планды жана программаны аткарууда пробациянын кардарына көмөк көрсөтүүгө;

3) пробация органдарынын персоналынын мыйзамга каршы келбеген көрсөтмөлөрүн аткарууга;

4) пробациянын кардары менен жакын жана туугандык байланыштарынын бар экендиги жөнүндө пробация органына билдирүүгө;

5) пробациянын кардары пробациялык милдеттерин аткарбаган учурда, ошондой эле ал укук бузуу жасаганда пробация органына дароо билдирүүгө.

4. Волонтерго төмөнкүлөр тыюу салынат:

1) пробация органына кабардар кылбай туруп пробациянын кардарлары менен иш-чараларды өз алдынча өткөрүүгө;

2) пробациянын кардарлары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга;

3) пробациянын кардарлары менен кызматтык эмес байланыштарды түзүүгө;

4) соттолгон адамдын жүрүм-турумуна терс таасир этүүчү башка аракеттерди жасоого.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-32)
